Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Бишкек мэриясы: кышка карата 5000 тонна туз даярдалды


Бишкек мэриясынын техникасы.
Бишкек мэриясынын техникасы.

Быйыл кышында Бишкектин жолдорун кардан тазалап, аны ташып жана жолго кум себүүгө «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 35 атайын автоунаасы даяр турат.

Андан тышкары ишкананын 715 кызматкери аялдамаларды, тротуарларды жана жолдордун чекелерин кардан тазалайт. Шаардык бийликтин маалыматы боюнча, быйылкы кышка 5000 тонна туз, 3000 тонна кум даярдалды. Кум кар көп жааган учурда колдонулат.

Мэрия калаада күз-кыш мезгилиндеги тазалоо иштери 1-ноябрда башталып, кийинки жылдын март айынын башында аяктарын билдирди.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек мэриясына карайт. Ага шаарды тазалоо, таштанды чыгаруу милдети жүктөлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG