Кытайдын 63 миллиард долларга курулган "Дасин" аттуу жаңы аэропорту эл аралык каттамдарга эшигин ачты. Эл аралык каттамдагы биринчи учак бул аба майдандан 27-октябрда Таиланддын баш калаасы Бангкокко учту. Ал эми "Британ аба жолдорунун" учагы Лондондон "Дасинге" учуп келип, континенттер аралык биринчи каттамды ишке ашырды.
Зымырык куш формасында курулган жаңы эл аралык аэропорттун төрт учуп-конуу тилкеси бар. 2025-жылга карата ал жылына 72 миллион жүргүнчүнү тейлеп калары болжолдонууда. Ирак архитектору Заха Хадид долбоорун түзгөн терминал баш калаа Бээжинден 46 чакырым аралыкта жайгашкан.
Кытай бийлиги "дүйнөдөгү эң ири аэропорттордун бири" деп мүнөздөлгөн бул аба майданды ишке киргизүү менен Бээжин борбордук аэропорттундагы каттамдарды азайтууну көздөп жатат. Элүүгө чукул чет өлкөлүк аба компаниялары жакынкы айларда Кытайдагы ишмердигин "Дасин" аэропортунан жүргүзө турганын жарыялашты.
Кантсе да аянты жүздөй футбол талаасына барабар бул аэропорт Бээжиндин борбордук бөлүгүнөн алысыраак болгону үчүн сын-пикирге туш болду. Себеби Кытай баш калаасынын бизнес борборунан "Дасинге" чейин коомдук транспорт аркылуу бир саттан ашык жол жүрүүгө туура келет. Ал эми Бээжиндин борбордук аэропортуна мындан эки эсе эрте жетсе болот.