АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан бери биринчи жолу Кабулга барды. Ал 27-октябрда Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана башкы аткаруучу Абдулла Абдулла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда «Ооганстанда тынчтыкты орнотуунун жолдору» талкууланганын Абдулланын кеңсеси кабарлады.
Ооган саясатчысы Саид Хамед Гейлани да Халилзад менен жолукканын, АКШнын чабарманы талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу мүмкүнчүлүгү бар экенин ишарат кылганын «Твиттерге» жазды.
Быйыл сентябрь айында жайкын тургундар арасында чектен чыккан жардырууларды уюштурган акцияларынан кийин «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөргө АКШнын президенти Дональд Трамп чекит коюп, токтотуп койгон болчу. Андан кийин талибдер алдын-ала макулдашылган тынчтык келишиминин талаптарын аткарууга даяр экенин билдиришкен.
Халилзад Кабулдан мурда бул айда Исламабадда, Брюсселде жана Москвада да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келди. Октябрь айынын башында талибдердин өкүлдөрү Пакистанга барып, Исламабаддын башкы дипломаты менен жолугушкан болчу.