Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

Бишкекте экс-мэрлердин ишине байланыштуу сот уланат


Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов.
Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов.

Бишкектин Ленин райондук сотунда Бишкектин экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иштерине байланыштуу кезектеги сот отуруму 28-октябрда уланат.

Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп шек саналып жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып келишет.

Мурдагы мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев учурда сотто Калыс-Ордого салынган мектепке байланыштуу иш боюнча күбөлөр суралып жатканын кабарлады.

2018-жылы кармалган экс-мэрлердин иштерин бириктирип кароо тууралуу чечимди Ленин райондук соту ушул жылдын 6-мартында кабыл алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG