Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Жалал-Абадда террордук уюмдун мүчөсү деп шек саналган адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шек саналган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 25 жаштагы шектүү террордук уюмдун лагеринен атайын диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн жана Кыргызстанга ошондой аракеттерди ишке ашырыш үчүн жөнөтүлгөн.

2016-жылдан бери ал Кыргызстанда Жазык кодексинин «Жалданмачылык» беренеси боюнча издөөдө жүргөн.

Кылмышка шектүү Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Расмий маалыматтарда Ирак жана Сирияга кетип калган кыргызстандыктар 800дөн көп экени, анын жүздөн ашууну аялдар жана балдар экени кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG