Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

Елисеев: ЖЭБ боюнча айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок


Алексей Елисеев.
Алексей Елисеев.

ЦАРИИнин мурдагы жетекчисинин орун басары, адвокат Алексей Елисеев Кыргызстанда энергетика тармагында ири мафия иш жүргүзүп келгенин жана ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок экендигин «Азаттыктагы» маегинде айтты:

- Тилекке каршы, Кыргызстанда 2010-жылкы төңкөрүштөн мурун да, кийин да энергетика жаатында мафия иш алып барып келген. Ал андагы Бакиев же Ширшов эмес, азыркы Исаков же Атамбаев эмес. Кеп таптакыр башка адамдар тууралуу болуп атат. Алар көзгө илинбеген төмөнкү позицияларда туруп алып коррупциялык процесстерди башкарып, өлкөнүн жетекчилигин «сатып алып» же алдап келген. ЦАРИИде иштеп атканда мен ага туруштук берип келгем. Бирок Убактылуу Өкмөт да алардын колуна түшкөн. ЖЭБ дагы ошол эле көрүнүштүн бир бөлүгү, бирок күнөөлүүлөрдү, менимче, бүгүнкү айыпталуучулардын арасынан издебеш керек.

Елисеев учурда Кыргызстандын прокурорлору андан көрсөтмө алганын билдирди, бирок ал көрсөтмөнү Сапар Исаковго каршы колдонулуп жатканына нааразы.

Буга чейин 24.kg басылмасындагы маегинде Алексей Елисеев Кыргызстан менен Латвиянын ортосундагы макулдашууга ылайык ал Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен Латвиянын Коррупция менен күрөшүү жана аны алдын алуу бюросу тарабынан ЖЭБдеги коррупция боюнча сурак бергенин кабарлаган.

Ал суракта кагаздарга таянып, ЖЭБди модернизациялоо $150 миллиондон ашпай турганын айтканын жана ал учурда Сапар Исаков өз ыйгарым укуктары боюнча да, өз ара мамилеси боюнча да кытайлыктардын коррупциялык келишими тууралуу билбей турганын айткан.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган. (KR)

XS
SM
MD
LG