Жекшембиде Британияда советтик диссидент, жазуучу жана укук коргоочу, коомдук ишмер Владимир Буковский 77 жашында көз жумду. Кабарларга караганда, маркумдун жүрөгү токтоп калган.
Буковский 1942-жылы 30-декабрда үй-бүлөсү эвакуацияда жүргөндө Башкырстанда туулган. Кийин Москвада окуп билим алган. 1959-жылы кол жазма журнал чыгарууга катышкандыгы үчүн мектептен чыгарып салышкан. Билимин кечки мектепте уланткан.
1960-жылы Москва мамлекеттик университетинде окуп жүргөн кезинде баш калаадагы Маяковский эстелигинин жанында жаштардын жыйындарын уюштуруп жүрдү. 1963-жылы югославиялык автордун китебин таратуу аракети үчүн биринчи жолу кармалган. 1965-жылы “айкындык митингин” уюштурууга катышканда камалып, психиатрикалык ооруканага күчтөп жөнөтүлгөн.
Батышта Буковскийди коргоо кампаниясы башталгандан кийин 1966-жылы бошотулган. 1972-жылы 7 жылга түрмөгө жана 5 жыл сүргүнгө кесилген.
1976-жылдын декабрында эл аралык өнөктүктүн натыйжасында бийлик аны Чилинин Коммунисттик партиясынын лидери Луис Корваланга алмаштырып алган.