Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 17:05

Илимге бараандуу салым кошкон академик Иманакуновдун тажиясы өттү


Академик Бейшен Иманакунов.

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы белгилүү химик-окумуштуу, академик Бейшен Иманакуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Иш-чарага маркумдун туугандарынан тышкары Улуттук илимдер академиясынан өкүлдөр катышты. Өкмөттөн же башка бийлик органынан расмий адамдар барган жок.

90 жаш курагында дүйнөдөн кайткан академиктин сөөгү Бишкектин жанындагы Кашка-Суу айылына коюлду.

Бейшен Иманакунов - Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Ал комплекстүү бирикмелер, физика-химиялык анализге олуттуу салым кошкону менен таанымал.

Академик Улуттук илимдер академиясынын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда узак жылдар бою эмгектенген. Акыркы жылдары Илимдер академиясында Асыл металлдардын химиясы жана технологиясы лабораториясынын башчысы болуп турган.

Иманакуновдун жетекчилиги алдында төрт докторлук жана 36 кандидаттык диссертация жакталган. Окумуштуу 350дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде жети монографиянын, 20дан ашуун ойлоп табуунун автору. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG