Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Шайлоо босогосун төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда шайлоо босогосун төмөндөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууга коюлду. Президентти жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламенттин сайтына жарыяланды.

Депутат Мирлан Жээнчороевдин айтымында, коомдук талкууга бир айлык мөөнөт берилет.

- Коомдук талкуу бир ай. Кийин парламентте ар бир окууда колдоого ээ болсо 1 ай же 40 күндөй. Эгер Жогорку Кеңештен колдоо тапса президентке кол коюуга баруу мөөнөтү 20 күндөн ашуун эмес, - деди ал.

Сунушталып жаткан негизги өзгөртүү – шайлоо босогосун азыркы 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүү.

Долбоордун негиздемесинде жазылгандай, «азыркы кырдаалда өтүү босогосу 9% болушу парламентте түрдүү саясий күчтөрдүн пропорциялуу өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жарандардын Жогорку Кеӊешке өкүлчүлүк болуусуна конституциялык укуктарына чек салууга алып келет. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, жасалма түрдө жогорулатылган босого шайлоочулардын парламентке келе албаган 40-50 пайызын элеп салат».

Демилгечи депутаттар – Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко, Исхак Масалиев жана Дастан Бекешев.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу 5% болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында 7% болуп өзгөртүлгөн. 2017-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке барам деген партиялар бардык добуш берүү бекеттерине келген шайлоочулардын добушунун 9 пайыздан кем эмесин алууга тийиш.

“Азаттыктын” түшүндүрмө видеосун көрүңүз.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG