Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:41

Kloop.kg сайты хакердик чабуулга кабылганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Kloop.kg сайты хакердик чабуулга кабылды. Бул тууралуу интернет-басылма «Твиттердеги» расмий баракчасына жазды.

«Азыр биздин сайт DDoS-чабуулга кабылды. Мунун артында ким турарын азырынча билбейбиз, бирок сайттын иштеши оорлоду. Адистерибиз калыбына келтирүүгө аракет кылып жатышат», деп кабарланды.

Kloop.kg — жаңылыктар веб-сайты. Авторлорунун көбү «Клооп Медиа» коомдук фондунун журналистика мектебинин бүтүрүүчүлөрү.

Сайт 2007-жылдан бери иштейт. Бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктарга татыган.

Жакында сайтка Бишкектеги Ататүрк гүлбагынын аймагынан мамлекеттин мурдагы жана кийинки жетекчилери, өкмөт башчылары, министрлер, депутаттар жана ыңкылаптын башында турду деген төбөсү көрүнгөн саясатчылар кантип жер тилкелерин алышканы тууралуу атайын иликтөөсү чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG