Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Грузияда сайттар жапырт хакердик чабуулга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Грузияда 28-октябрда бир катар мамлекеттик мекемелердин, соттордун, телеканалдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жеке компаниялардын сайттарына жапырт хакердик чабуул коюлду. Анда жалпысынан эки миңден ашык сайт жабыркаганы белгилүү болду.

Көп учурда сайттардын башкы бетине «Мен кайтып келем» деген жазуусу бар экс-президент Михаил Саакашвилинин сүрөтү жайгаштырылды.

Чабуулдан улам сигнал жоголуп, видеоматериалдарды монтаждаган компьютерлер иштебей, «Имеди» менен «Маэстро» телеканалдарынын эфири үзгүлтүккө учурады.

Бул кибер кылмышты ким уюштурганы жана анын себеби азырынча белгисиз. Ички иштери министрлиги соңку окуя боюнча иликтөө башталганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG