Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Майлуу-Сууда жол кырсыгында жубайлар каза болду


Окуя болгон жер. 28-октябрь, 2019-жыл.
Окуя болгон жер. 28-октябрь, 2019-жыл.

Жалал-Абад облусунда Майлуу-Суу – Бүргөндү жолунда кырсыктан эки адам каза болду. Алар жубайлар экенин «Азаттыкка» облустук жол кыймыл коопсуздугунун башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 28-октябрда болгон. «Мерседес Бенц 220» үлгүсүндөгү жеңил машине жардан сай жээгине кулап кеткен.

Натыйжада унаанын 63 жаштагы айдоочусу жана жубайы - 58 жаштагы аял жеринде каза болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ушул жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстанда жол кырсыгынан баш-аягы 529 киши каза болуп, бул көрсөткүч былтыркыга караганда 9,2 пайызга жогорулады. (RsK)

XS
SM
MD
LG