Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Кыргыз жомоктору корей тилине которулууда


Түштүк Кореядагы кыргыз көргөзмөсү.
Түштүк Кореядагы кыргыз көргөзмөсү.

Түштүк Кореяда кыргыз жомоктору корей тилине которулууда. Бул тууралуу Сеулда «Public Diplomacy Week 2019» фестивалынын алкагында уюштурулган көргөзмөдө айтылды.

Фестивалга Түштүк Кореядагы чет өлкөлүк элчиликтер катышып, ар бири өз мамлекетинин тарыхы, эли, маданияты тууралуу маалымат берди.

«Азиялык маданий борбор» уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан менен маданий багытта кызматташтык жакшы өнүгүүдө. Борбордун имаратында «Манас» темасына арналган көргөзмө өттү. Кыргызстандык корейлердин балдары концерт уюштуруп беришти.

Быйыл жайында Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун үч күндүк расмий сапар менен Кыргызстанда болгон. Кыргызстандын эгемендик тарыхында бул өлкөнүн өкмөт башчысы Кыргызстанга алгачкы жолу расмий сапар менен келген. (RK)

XS
SM
MD
LG