Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Шинжаңдан качып келгендер «баш калка сураган адам» макамын алды


Мурагер Алимулы менен Кастер Мусакан.
Мурагер Алимулы менен Кастер Мусакан.

Кытайдын Шинжаң аймагынан Казакстанга качып келген, казак-кытай чек арасынан мыйзамсыз өттү деген айып менен 20-октябрда эки айга камалган Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаканга «баш калка сураган адамдын» макамы берилди.

Бул тууралуу адвокат Бауржан Азанов кабарлады. Анын айтымында, макам берилгени тууралуу Чыгыш Казакстан облустук полицияcынын башкармалыгы билдирген.

30 жаштагы Кастер Мусакан менен 25 жаштагы Мурагер Алимулы Шинжаңдын Дөрбүлжүң аймагынан чыгып, 1-октябрда Кытай чек арасынан өткөнүн айтышкан. Алар бир апта мурда Алматыда басма сөз жыйынын өткөрүшүп, Кастер «саясий тарбиялоочу лагерде камакта отуруп чыкканын», ал эми Мурагер ошол эле лагерде «кыйноого кабылганын» айтышкан. Экөө учурда Өскемендеги убактылуу камоо жайында отурушат.

Бээжин «агартуучу, тарбиялоочу борборлордо» шинжаңдыктар коомго интеграция болууну үйрөнүп жатканын билдирүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Шинжаңдагы лагерлерде миллиондой адам камакта отурат.

XS
SM
MD
LG