Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Эссекс: 39 өлүк табылган машиненин айдоочусунун абак мөөнөтү узарды


Эссекстеги 39 адамдын сөөгү бар автоунаа токтогон жер.
Эссекстеги 39 адамдын сөөгү бар автоунаа токтогон жер.

Британияда сот 28-октябрда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Эссекс аймагында 39 адамдын сөөгү табылган автоунаанын айдоочусунун бөгөт чарасын карап, аны 25-ноябрга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды. Соттук жараянга айыпталуучу Морас Робинсон видеобайланыш аркылуу катышты.

25 жаштагы Робинсон 39 адамдын өлүмүнө шектүү катары камакка алынган. Ички иштер министрлиги андан башка дагы үч адам камалганын билдирди.

Эссексте 23-октябрга оогон түнү 39 адамдын сөөгү бар жүк ташыган машина табылган.

Полиция бул машина Британияга Болгариядан келгенин, өлгөндөрдүн арасында бир өспүрүм бар экенин билдирген.

Башында өлгөндөрдүн баары Кытайдын жарандары экени айтылган. Кийинчерээк алардын көбү вьетнамдыктар экени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG