Сегиз министрдин кызматтан кеткенине карабастан, Чилиде калың элдин каршылыгы токтой элек.
28-октябрда баш калаа Сантьягонун көчөлөрүнө жүздөгөн демонстрант чыкты. Полиция аларды таркатыш үчүн жаш чыгарчу газ жана суу чачты. Калаада көчөгө чыккандар автоунааларды өрттөшүп, талап-тоноо болду.
Латын Америкасындагы эң туруктуу өлкө деп саналган Чилиде каршылык акциялары октябрдын ортосунда башталган. Ага коомдук транспорттогу жол киренин кымбатташы жана башка экономикалык-социалдык көйгөйлөр түрткү болгон.
25-октябрда республиканынын бир нече шаарында жалпысынан миллионго чукул адам көчөгө чыккан.
Президент Себастьян Пиньера жол киренин көтөрүлүшүн жокко чыгарганы менен нааразылык акциялары уланды. Башаламандыкта кеминде 20 киши набыт кетти. 1000ден ашуун киши жаракат алып, үч миңдейи камалды.