Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Белгилүү саясатчылар Курсан Асанов боюнча президентке кайрылышты


Курсан Асанов. Архивдик сүрөт.
Курсан Асанов. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын ончакты белгилүү саясий жана коомдук ишмери президент Сооронбай Жээнбековго ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу кайрылды.

Өмүрбек Текебаев, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов, Темир Сариев, Камчыбек Ташиев, Кубатбек Байболов баштаган 15 адамдын колу коюлган катта Асанов Кой-Таш окуясы учурунда туура иш кылганы, мыйзам бузбаганы айтылат.

Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып төмөнкүлөргө токтолду:

- Менимче, Курсан Асановдо күнөө жок. Балким, процесстик жагынан анча-мынча кемчилик бар. Бирок ошол кездеги абал кандай болчу? Баары билет да. Шашылыш болгон. Эми соттон көрөбүз да. «Чыккынчылык кылды» деп жатышат, бирок иштен алууга андай берене жок.

Асанов «7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин ага карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Кой-Таш окуясы учурунда бир офицер каза болуп, жүздөн ашуун адам жабыркаган.

8-августтагы операция тууралуу Атамбаев кармалар алдында аны менен Асанов сүйлөшүп жаткан видео тараган. (RK)

XS
SM
MD
LG