«Талибандын» басма сөз өкүлү Ооганстандагы согушту токтотуу боюнча Кытайда бүгүн, 29-октябрда башталганы турган сүйлөшүүгө бул кыймылдын жетекчилери барганы тууралуу маалыматты жокко чыгарды. Расмий Бээжин да талиб келгенин бышыктаган жок. Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гэн Шуан Бээжин ооган аралык сүйлөшүүлөрдү колдой турганын айтты.
Буга чейин Бээжиндеги ооган сүйлөшүүлөрү 29-30-откябрда өтөрү, «Талибандын» таасирлүү жетекчилери Кытайга келгени кабарланган эле.
АКШнын Мамлекеттик департаменти 28-октябрда Вашингтондун, Москванын, Бээжиндин жана Исламабаддын атынан ооган согушун токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр жанданып жатканын кубаттап кайрылуу тараткан. Анын алдында Москвада Ооганстандагы жагдайга байланыштуу Орусиянын, АКШнын, Кытайдын жана Пакистандын өкүлдөрү жолуккан. Анда АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад «бардык тарапты ынандырган, туруктуу тынчтык келишими түзүлүшүн» колдой турганын айткан.
Буга чейин Залмай Халилзад «Талибан» кыймылы менен ооган согушун токтотуу, тынчтык келишимин түзүү боюнча Дохада дээрлик бир жылдай сүйлөшүү өткөргөн жана иш оңунан чечилгенин кабарлаган.
Бирок өткөн айда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп бул сүйлөшүүлөрдү биротоло бир тараптуу токтотуп койгон. Ага талибдердин чабуулунун күчөшү жана анда америкалык бир жоокер өлгөнү себеп болгон.