Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:20

Өкмөт Энергетика министрлигин кайра түзбөйт


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 29-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Ал парламент депутаты Кожобек Рыспаевдин суроосуна жооп берип жатып, «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясы каларын, ал эми энергетикадагы саясатты Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет жүргүзөрүн билдирди.

Депутат Кожобек Рыспаев өкмөттүн чечими тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди.

- Кеп Энергетика министрлигин түзүүдө же «Улуттук энергетикалык холдингди» калтырууда эмес. Маселе ушул тармактын майнаптуу иштешинде. Айтмамат Кошоевич «Энергохолдингге» жетекчи болуп келгенине аз эле убакыт болду. Эми жаңы жылга жакын алардын аткарган ишин карайбыз. Ошондо «Энергохолдинг» кандай иштеп жатканы айтылат. Өкмөт «Энергохолдинг» жакшы иштеп жатат деп маалымат берүүдө. Мен да азырынча иши жакшы болуп жатат деп эсептейм, - деди Рыспаев.

Маалыматка караганда, ушул жылдын март айында Энергетика министрлигин кайра түзүү маселесин талдоо үчүн 14 кишиден турган мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Кубатбек Боронов аталган комиссия министрликти кайра түзбөй эле коюу чечимине келгенин маалымдады.

Буга чейин Энергетика министрлигин кайра түзүү боюнча Жогорку Кеңеште бир нече жолу демилге көтөрүлүп, былтыр апрель айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрлик кайра түзүлүшү мүмкүн экенин айткан.

2015-жылдын аягында Энергетика министрлиги жоюлуп, анын ордуна «Улуттук энергохолдинг» компаниясы түзүлгөн. Учурда холдингге «Чыгыш электр», «Электр станциялары», «Электр тармактары», «Түндүк электр», «Ош электр», «Жалал-Абад электр», «Бишкек жылуулук тармактары» жана башка акционердик коомдор баш ийет. (BTo)

XS
SM
MD
LG