Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:38

Канат Сагымбаевдин жакындары акыйкатчы менен жолукту


Алмазбек Атамбаев жана Канат Сагымбаев.

Акыйкатчы Токон Мамытов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин атасы, жубайы жана иниси менен жолукту.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, жолугушууда Сагымбаевдин жубайы жашы жете элек төрт баласы бар экенин жана ден соолугуна байланыштуу иштей албасын айтты. Жолдошу камакта жаткандыктан анын ишеним каты жок күйөөсүнүн маянасын ала албай жатканын билдирди. Акыйкатчы институту бул маселелерди чечүү иштерин баштады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев быйыл 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн атайын операция учурунда кармалган. Сагымбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери катары анын жанында жүргөн. Ал 24-сентябрда кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9-декабрга чейин камакка алынган.

Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене боюнча айып коюлуп жатат.

Кой-Таш окуяларынан кийин Сагымбаевге карата кызматтык териштирүү болуп, «Кызматтык дал келбестик» беренесинин негизинде УКМКдагы 9-кызматтан алынган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG