Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:04

Өкмөт: Уран казууга каршы мыйзамды жалпысынан колдойбуз


Карыбек Ибраев.
Карыбек Ибраев.

Кыргыз өкмөтү уран казууга каршы мыйзам долбоорун жалпысынан колдойт. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеште уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкууланып жатат.

Экинчи окууда документке 98 депутат «макул» деп добуш берген.

- Өкмөттүн позициясы - жалпысынан өкмөт колдойт бул мыйзамды, - деди Ибраев.

Кыргызстанда уран казууга түбөлүк тыюу сала турган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу жана «Бир Болдун» депутаты Бактыбек Турусбеков иштеп чыгышкан.

Апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG