Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:17

Сотто Илмияновго акыркы сөз берилди (видео)


Сот залы, 30-октбярь, 2019-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго сотто акыркы сөз берилди. Ал күнөөсү далилденбегенин айтып, судья Дамирбек Назаровдон акыйкат чечим чыгарып берүүнү өтүндү.

Иш бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралып жатат. Адвокаты ушул отурумда өкүм чыгышы мүмкүндүгүн билдирген.

Илмиянов өзүнө каршы кылмыш иши тууралуу туугандарынан угуп, 2018-жылдын 20-октябрында Москвадан Кыргызстанга келгенин, "Манас" эл аралык аэропортунан түз эле тергөөгө барып, андан бери камакта экенин белгиледи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) аны Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин маалымдаган эле.

Ага Башкы прокуратура Жазык кодексинин «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон.

Мурдагы отурумдарда прокурор Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү сураган. Мындан тышкары, кошумча 100 эсептик көрсөткүчтө айыппул салууну өтүнгөн.

Иш 2019-жылдын июлунда сотко өткөн. (SE\TSh)

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG