Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Уранга каршы мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеш уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуулап, добуш берүүгө жөнөттү.

Талкуу учурунда Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев өкмөт бул демилгени жалпысынан колдой турганын билдирди.

- Өкмөттүн позициясы - жалпысынан өкмөт колдойт бул мыйзамды, - деди Ибраев.

Экинчи окууда документке 98 депутат «макул» деп добуш берген.

Мыйзам долбоорунун авторлору - «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу жана «Бир Болдун» депутаты Бактыбек Турусбеков.

Апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG