Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) аялдар маселеси талкууланган жыйындын алкагында кыргыз ырлары жаңырды.
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова Улуттар ордосундагы маданий программага катышканын «Азаттык» радиосуна айтып берди.
Женева шаарында бул күндөрү вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган кыргыз делегациясы «Пекин+25» платформасынын расмий жыйындарына катышууда.
Гендердик теңчилик маселесин талкуулоо үчүн чогулган делегациялардын жыйындарынын, жолугушууларынын күн тартибинде аялдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, адам укуктарын бардык тараптан сактоо жана жакырчылыкты жоюу багыттары камтылды.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстанда акыркы он жыл ичинде өнүгүү чөйрөсүндөгү максаттарга жетүүдө алдыга карай жылыш бар экенин белгилеп, гендер жана улуттук мыйзам базасын иштеп чыгуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымдады.
Пекин декларациясы Кытайдын борбор шаарында, 189 өлкөнүн катышуусу менен өткөн ири жыйында 1995-жылы кабылган.
Гүлзада Рыскулова сахнага кыргыздын улуттук кийимин кийип чыгып, "Мен кыргыздын кызымын", "Алдей ыры" деген ырларын аткарып, "Курманбек" эпосунан үзүндү айтты. (RK)