Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:50

«Sistem Muhendislik» компаниясына доо төлөө боюнча сотко чейинки иш башталды


"Ак Кеме" мейманканасынын ишине байланыштуу Кыргызстан "Sistem Muhendislik" компаниясына 11 миллион доллар доону төлөшү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу 30-октябрда Бишкектеги басма сөз жыйынында адвокат Кайрат Загибаев билдирди. Маалыматты расмий органдардан тастыктоого азырынча мүмкүн боло элек.

2014-жылы Кыргызстан ”Ак Кеме” мейманканасы боюнча түркиялык "Sistem Muhendislik" компаниясынын 11 миллион доллар доосун төлөп берүүгө макул болгон. Ал кезде Жоомарт Оторбаев өкмөт башчы эле. Каржы министрлиги алты миллионду дивиденддин эсебинен, беш миллион долларды мамлекеттик казынадан доо койгон түрк компаниясына төлөп бергени айтылган.

90-жылдардын башында Бишкектеги "Ак Кеме" (мурдагы "Пинара") отелин курууга байланыштуу Кыргызстан менен түркиялык "Sistem Muhendislik" компаниясынын ортосунда пикир келишпөөчүлүк чыгып, иш эл аралык сотко чейин жеткен.

XS
SM
MD
LG