Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Сузактык аял башына президенттин сүрөтүн байлап акцияга чыкты


Сузак районунун 60 жаштан ашкан тургуну Майрам Тешебаева Жалал-Абад облустук сотунун имаратынын алдына 30-октябрда акцияга чыкты. Башына президент Сооронбай Жээнбековдун, колуна ар-кыл жазуусу бар плакаттарды жана башка адамдардын сүрөттөрүн көтөрүп алган Тешебаева сотторго нааразы экендигин айтты.

- Соттун адилетсиздигинен улам үйүмдөн ажырап, көчөдө калдым. Адам укугу соттор үчүн оюнчук болсо, мамлекет башчысы буга кайдыгерлик кылбайт деп ойлойм. Сооронбай Жээнбековго кайрылып жатам, урматтуу президент, карапайым бир эненин ыйын угуп, бир үйүмдү алып берүүгө жардам бериңиз. Жактоочу жогорку соттун судьялары менен тил бириктирип алып, 3,6 млн. сомдук үйүмдү 1020 сомго баалатып, соттон чечим чыгарып саттырып жиберди. Азыр мен жаңы ачылган жагдайлар боюнча өз үйүмдү кайтаруу үчүн сотко кайрылып жатам.

Сузактын тургуну турак жай талашып акыркы 9 жылдан бери соттошуп келатканын айтып, соттор тарабынан акыйкат чечим болбой жатканын билдирет. Акцияга чыккан Тешебаева менен жолукканы сот имаратынан эч ким чыккан жок. Талаптарын айткан соң ал плакаттарын жыйыштырып кайра кетти. (RsK)

XS
SM
MD
LG