Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Грета Тунберг «Түндүк кеңешинин» сыйлыгынан баш тартты


Грета Тунберг.
Грета Тунберг.

Швециялык 16 жаштагы активист Грета Тунберг "Инстаграмдагы" баракчасына "Түндүк кеңешинин" айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы сыйлыгын албай турганын жазды. Окуучу кыз бул уюмга түйшүк мээнетин эске алганына ыраазычылык билдирип, бирок климаттын өзгөрүшүнө жол бербөөгө чакырган кыймыл сыйлыкка муктаж эмес экенин айтты жана саясатчыларды илимге кулак салууга чакырды.

Өткөн айда Грета Тунберг Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйынында дүйнө лидерлерин жетиштүү чара көрбөй жатканы үчүн уяткарган болчу.

Ал «Fridays for Future» же «Жума күндөрүн келечекке арнайлы!» аттуу кыймылды жетектейт жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы тели-теңтуштарын экологияны сактоого чакырып келет.

Буга чейин ал Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алат дегендердин арасында аты аталган. «Amnesty International» укук коргоо уюму болсо өспүрүм кызга «Абийир элчиси» наамын ыйгарган.

Дүйнөлүк басма сөз Тунбергге 2018-жылы көңүл бура баштаган. Анда өспүрүм кыз жума күндөрү сабакка барбай, Швециянын бийлигинен экологиялык маселелерге көңүл бурууну талап кылууга өткөн эле. «Мектептеги иш таштоо» деген атка конгон мындай акциялар Швецияда гана эмес, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынан да колдоо таап кеткен.

«Fridays for Future» кыймылына кошулган өспүрүмдөр - климаттын өзгөрүшү мектептеги сабактардан да маанилүүрөөк деп эсептешет.

"Түндүк кеңешинин" музыка, кино, адабият жана экология жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлык берүү аземи 29-октябрда Стокгольмдо өттү. Аталган уюм Түндүк Европа өлкөлөрүнүн парламенттер аралык кызматташтыгын координациялоо үчүн түзүлгөн жана ага Дания, Исландия, Норвегия, Финляндия жана Швеция кирет. "Түндүк кеңеши" Орусияда "чет өлкөлүк агент" деп таанылган. Уюм муну сынга алган.

XS
SM
MD
LG