29-октябрда хакердик чабуулга кабылган kloop.kg сайты 30-октябрда ишмердигин улантууда. Интернет-басылма "Твиттердеги" баракчасына "Кечээки DDoS-чабуулга карабай, биз баары бир Ататүрк паркындагы жер бөлүштүрүүгө байланыштуу материалдарыбызды чыгара беребиз", - деп жазды.
Бир күн мурунку чабуулдун чоо-жайы анык эмес.
Kloop.kg - жаңылыктарды чыгарган веб-сайт. Авторлорунун көбү «Клооп Медиа» коомдук фондунун журналистика мектебинин бүтүрүүчүлөрү. Макала-баяндары кыргыз, орус, өзбек тилдеринде чыгат.
Сайт 2007-жылдан бери иштейт. Бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктарга татыган.
Жакында сайтка Бишкектеги Ататүрк сейил багынын аймагынан мамлекеттин мурдагы жана кийинки жетекчилери, өкмөт башчылары, министрлер, депутаттар жана ыңкылаптын башында турду деген төбөсү көрүнгөн саясатчылар кантип жер тилкелерин алышканы тууралуу атайын иликтөөсү чыккан.