Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:48

Дания «Газпромдун» «Түндүк агым - 2» долбооруна уруксат берди


«Түндүк агым - 2» газ куурунун курулушу. Май, 2018-жыл.
«Түндүк агым - 2» газ куурунун курулушу. Май, 2018-жыл.

Даниянын Энергетика агенттиги "Түндүк агым-2" долбоорунун алкагында газ түтүктөрүн өз өлкөсүндөгү суу аркылуу алып өтүүгө макул болду. Долбоорго ылайык, Балтика деңизинин түбү менен газды Орусиядан Германияга жеткирүү каралган.

"Түндүк агым-2" долбооруна Орусия менен Германиядан сырткары Финляндия жана Швеция да кошулган. Бул өлкөлөрдүн баары газ түтүктөрүн алып өтүүгө уруксат берип, макул боло элек жалгыз Дания калган.

“Түндүк агым-2” долбоору 2020-жылы ишке кириши керек. Бул газ кууру аркылуу Орусия энергоресурстарын Украинанын аймагы аркылуу экспорт кылуу көз карандылыгын азайткысы келип жатат.

Август айында АКШ Сенатынын эл аралык иштер боюнча комитети “Түндүк агым-2” долбооруна санкция салуу тууралуу мыйзам долбоорун колдогон. Анын алдында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Польшадагы сапары маалында Вашингтон “Түндүк агым-2” долбооруна байланыштуу санкция салууну көздөп жатканын айткан. Ал Германиянын газ куурунун курулушу боюнча Орусия менен кызматташып жатканы үчүн сындаган.

Бул долбоорго чыгыш европалык мамлекеттер да каршы болуп жатышат. Ал эми Брюссел "Түндүк агым-2" Евробиримдиктин орусиялык көгүлтүр отунга көз карандылыгын күчөтүп, ички рынокко коркунуч жаратат жана шаркеттин энергетикалык саясатына доо кетирет деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG