Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:03

Шыкмаматов: Алмаматовдун ишине журналисттер айтып чыккандан кийин гана көңүл бурулду


Алмамбет Шыкмаматов.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Жогорку сот Насирбек Алмаматовго карата Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарган токтому боюнча комментарий берип жатып айтты.

-Бул жерде журналисттерге, кайдыгер карабаган коомчулуктун бөлүгүнө рахмат айтыш керек. Анткени, демократиянын белгиси ушул - журналисттер айтып, бийлик ага көңүл бурду. Болбосо «жабылуу аяк жабылуу бойдон калышы» мүмкүн болчу. Бирок эми ал киши качып кетсе, ошол райондук соттун чечимин жокко чыгарган шаардык соттун судьялары жоопко тартылышы керек. Андай болсо шаардык соттун артында чоң күчтөр турганы ачык болуп калат.

30-октябрда Жогорку сот Насирбек Алмаматовго карата Бишкек шаардык сотунун 2019-жылдын 9-июлундагы өкүмүн жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун 25-марттагы өкүмүн күчүндө калтырган токтом чыгарды.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, атайын видеотасманы да жарыялаган.

Райондук сот Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен эркиндикке коё берген. Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз менен кайрылган. (BTo/BkA)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG