Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

«Азия Ньюс» гезити 1 миллион сом доого жыгылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук соту ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин «Азия Ньюс» гезитине каршы доо арызын канааттандырып, гезитти 1 миллион сом айып пулга жыкты.

Бул тууралуу басылма бүгүн, 31-октябрдагы санында жазды. Андагы маалыматка караганда, мындай чечимди ишти караган райондук соттун судьясы Тынара Абдиева чыгарды.

Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде чыккан №16 жана 16-майда жарык көргөн №19 сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Ал «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп, гезиттен 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

«Азия Ньюс» Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Матмусаев менен да соттошуп жатат. Матмусаев гезиттин ушул жылдын 16-майында ал тууралуу чыккан маалыматы боюнча сотко кайрылып, «Азия Ньюстан» 5 миллион сом өндүрүп берүүнү сураган.

Гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев буга чейин гезиттин айланасындагы соттук иштер боюнча комментарий берип, басылмага жарыяланган макалалар министрдин кадыр-баркына шек келтирбесин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG