Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

«Азия Ньюстун» коллажы министрди ыза кылды


Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тууралуу «Азия Ньюс» гезити жазган макалаларга лингвистикалык экспертиза жүргүзүлмөй болду.

Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Тынара Абдиева кабыл алды. Ушул күндөрү аталган райондук сотто министр Жунушалиев менен ИИМдин 7-башкармалыгынын жетекчисинин «Азия Ньюска» каршы арызы каралып жатат. Алар «гезит ар-намысыбызга шек келтирди» деп, ар бири 5 миллион сомдон талап кылууда. Гезит коюлган дооматтарды четке кагып, жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келерин айтып жатат.

Экспертиза жүргүзүү талабы

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин «Азия Ньюс» гезитине каршы арызы боюнча соттук отурум 1-августта уланды. Соттук жараянда гезиттин өкүлү Аскар Медетов министр «кадыр баркыма шек келдирди» деген гезитке чыккан макалаларга лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү сунуштап, сот аны колдоду. Кийинки процесс 6-августка белгиленди.

Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде чыккан №16 жана 16-майда жарык көргөн №19 сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Ал «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп, гезиттен 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатат.

«Азия Ньюстун» 25-апрелдеги санында Кашкар Жунушалиевдин башы келемиштин денесине жабыштырылган коллаж жарыяланып, «Кашкар крысабы?» деген тема коюлган. 16-майдагы саны «Генерал Абдыкаровдун кадрларына күнү түшкөн Жунушалиев кетсин!» деген баш тема менен макала чыккан. Анда министр дайындаган кадрларга сын айтылган.

Жунушалиевдин жактоочусу Динара Ашимова гезитке жарыяланган бул маалыматтарда «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам жана Кыргызстан журналистинин этикалык кодекси бузулганын билдирди.

Динара Ашимова.
Динара Ашимова.

«Биринчиден, макалалардын мазмуну туура эмес жана чындыкка жатпаган маалыматтар жазылган. Ал адамдын ар-намысына шек келтирген сүйлөм, сөз айкаштары менен коштолгон. Экинчиден, макалага коюлган фотоколлаждарда Жунушалиевдин бети ар кандай сүрөттөргө чапталып, жасалган. Бул Кыргызстанда кадыресе эле көрүнүш болуп калды. Башка мамлекеттерде мындай сүрөттөр үчүн гезиттер чоң айыпка жыгылат».

«Азия Ньюс» гезитинин өкүлү Аскар Медетов коюлган дооматтарга макул эмес. Ал макаланын мазмундук жагынан алганда министрдин иши боюнча гезитке талдоочулардын пикирлери чыкканын айтып, ал эми фотоколлажды «журналистикадагы чыгармачылык» деп баалады.

Медетов сотто Абдысалам Абдрахман уулунун 1990-жылы чыккан «Куудул китеп» деген чыгармасындагы бир катар мамлекеттик кызматкерлер жана адабият өкүлдөрүнүн коллаждарын көрсөтүп, бул чыгармачылыктын бир багыты экенин айтты.

Аскар Медетов.
Аскар Медетов.

«Макалада министрдин атына, ар-намысына шек келтире турган сөз деле жок болчу. Арыздангандар «кашаң деп айтса да болобу?» деп жатышат. Иш жакшы жүрбөсө кашаң деп эле айтат да. Ошондуктан биз коомдук пикирди эске алып, министрдин ишине баа бергенбиз. Ал эми коллажды туура түшүнүш керек. Министр сотко берип чуу көтөргөндөн көрө, ишине сын көз караш менен карап жумуш кылса болмок. Коллаж деген өзүнчө образды берет. Коллажда юмор, сатира аралаш болот».

«Азия Ньюс» Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Матмусаев менен да соттошуп жатканы белгилүү болду. Матмусаев гезиттин ушул жылдын 16-майында ал тууралуу чыккан маалыматы боюнча сотко кайрылып, «Азия Ньюстан» 5 миллион сом өндүрүп берүүнү сураган.

Гезит Матмусаевге «саясатчыларды, журналисттерди жана башка белгилүү инсандарды аңдып, тыңшап, жыйынтыгында бизнес жасоого өттүңүзбү?» деп суроо салган жана бул боюнча гезиттин редакциясына маалыматтар түшкөнүн жазган. Бул ишти да Октябрь райондук соту карап жатат.

«Азия Ньюстун» башкы редактору Аслан Сартбаев гезиттин айланасындагы акыркы соттук иштер боюнча буларды айтты:

Асланбек Сартбаев.
Асланбек Сартбаев.

«Биз чындыкты жазсак, курч жазсак анан чычалап сотко беришет да. Биз соттошкондон качпайбыз, коркпойбуз. Соттон утуп чыгабыз. Министр мамлекеттик чоң чиновник болгондон кийин ал иштей албай жатканын көрүп турсак эмне үчүн жазбашыбыз керек? Биз мындан ары да күрөштү улантабыз. Бул башталышы гана. Жунушалиев иштей албай жатканы боюнча маалыматтар бар, аны да чыгарабыз».

Бул сөз болуп жаткан гезит менен мамлекеттик кызматкерлердин жана саясатчылардын биринчи соттошуусу эмес. Ички иштер министринин мурдагы орун басары, «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын башчысы Данияр Абдыкаров буга чейин «Азия Ньюсту» 10 миллион сомго сотко берген.

Сартбаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов ортого түшүп, Абдыкаров арызын артка алганын мурда маалымат каражаттарына билдирген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акматбек Келдибеков 2018-жылы ушул эле гезитти сотко берип, Бишкектин Октябрь райондук соту Асланбек Сартбаевди 2 миллион сом доо төлөөгө милдеттендирген. Сартбаевдин айтымында, Келдибеков кийин шаардык сотто арызын алган.

2017-жылы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов болсо Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга «Азия Ньюска» чара көрүүнү өтүнүп, кайрылган. Аталган комиссиянын төрагасы, юрист Шамарал Майчиев басма сөз каражаттары кетирип жаткан кемчиликтерге токтолду.

«Көп учурда бир тараптуу маалыматтар таратылат. Журналист экинчи жактын да пикирин бериши керек да. «Сиз тууралуу ушундай маалымат бар экен, биз материал чыгарабыз. Сиздин пикириңиз кандай деп сураш керек. Бирок мунун баарын көңүлгө албай эле «бул адам акмак, коррупционер экен» деп чыгарып жиберет. Ошондой эле журналисттер факт, пикир жана божомолду аралаштырып салган окуялар бар».

Жалпыга маалымдоо каражаттарына байланышкан соттук иштерде коюлган айыптын өлчөмү да талаш жаратып келет. Министр Кашкар Жунушалиевдин жактоочусу Жунушалиев генерал жана күч тармагындагы ишмердигин эске алып 5 миллион сом доо койгонун жүйө кылды.

Медиа-эксперт Алмас Турдумаматов бул өтө эле чоң каражат экенин айтып жатат.

Алмас Турдумаматов.
Алмас Турдумаматов.

«ММК үчүн 5 миллион эмес, 100 миң сом да оордук кылат. Анын ичинен бул гезиттерге өтө чоң каражат. Министр да, анын кол алдындагы кызматкери да ар-намысын 5 миллион деп жатат. Эмне үчүн 5 сом эмес же 50 миллион эмес, 5 миллион сом? Муну иретке келтирбесе болбойт. Бул каражатты ММК төлөй албасын министр өзү деле жакшы билет. Мына ушуну бир калыпка салыш керек».

Саясатчылардын жалпыга маалымдоо каражаттары менен соттошуусу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда күчөгөн.
Башкы прокуратура президенттин ар-намысын коргоо боюнча сотко кайрылып, бир нече массалык маалымат каражаттары миллиондогон сомго доого жыгылган.

Учурда мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун «Апрель» телеканалын 500 миң сомго сотко берди.

Бишкек шаардык соту май айында «Апрель» телеканалын жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди аларга каршы доо арыз жазган Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге жалпысынан 600 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG