Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:22

Кыргызстанда соттун чечими менен 64 сайтка тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 64 сайт жана 233 интернет колдонуучу, видеоканалдарга сот чечими менен тыюу салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Маалыматка ылайык, өлкөдө экстремизм менен терроризмге каршы күрөштү күчөтүү жаатында коопсуздук органдары менен бирге аракеттер көрүлгөн.

Анын алкагында быйыл Башкы прокуратура маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануу тууралуу өтүнүч менен 19 арыз жиберилген.

Бул иш алкагында экстремизм жана улут аралык кастыкты козутууга каршы мыйзамды аткаруунун алкагында 129 текшерүү болуп, 278 мыйзам бузуу аныкталган.

Анын алкагында 109 кызматкер дисплинардык жоопкерчиликке тартылды.(BkA)

XS
SM
MD
LG