Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Алтынбек Муралиев жатак абагына которулду


Алтынбек Муралиев.
Алтынбек Муралиев.

Кыргызстанга чыккынчылык кылган деп айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган Алтынбек Муралиев түрмөдөн жатак абакка которулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, соттолгондордун тергөө абагында отурган бир күнү эки деп эсептелет.

- Жогорку сот анын мөөнөтүн 10 жылга чейин түшүргөн экен. Бизде отурган күндөрүнүн баарын эсептегенде үчтөн экисин отуруп койду. Ошонун негизинде октябрдын ортосунда жатак абакка которулду.

Сабатарова белгилегендей, Алтынбек Муралиевдин жаза мөөнөтүнүн дагы 3 жыл 2 айы калды. Ал Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан №27 колонияда отурган.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеген.

2014-жылы Кыргызстанга чыккынчылык кылган деген айып менен кармалган. Бирок кайсы мамлекеттин пайдасына иштегени ачык айтылган эмес.

2016-жылы Биринчи май райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан, кийин Бишкек шаардык соту анын жазсын күчөтүп, 22 жылга кескен. (RK)

XS
SM
MD
LG