Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Эл аралык миграция уюму: 400 миңдей оогандык өлкөгө кайтып келди


Ирандан кайтып келе жаткан оогандыктар.
Ирандан кайтып келе жаткан оогандыктар.

Эл аралык миграция уюмунун жаңы баяндамасына ылайык, жыл башынан бери кошуна Иран менен Пакистандан 403 338 киши кайтып келген. Анын ичинен көбү - 385 000 оогандык Ирандан келсе, жарымы Тегерандын чечими менен депортация болгондор. Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча учурда Иранда 1,5 миллиондон 2 миллионго чейинки сандагы ооган жашайт.

Ал эми жыл башынан бери Пакистандан 17 500 киши кайтып келген.

Ооганстанда 18 жылдан бери уланып жаткан согушта 38 миң карапайым тургун көз жумду.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюму октябрдын башында жарыялаган статистикага ылайык, июлдан сентябрга чейин Ооганстанда куралдуу жаңжалдан карапайым 1174 киши өлүп, 3139 киши жарадар болгон. Бул былтыркы ушул маалга салыштырганда 42 пайызга көп.

XS
SM
MD
LG