Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 22-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:25

Бишкек шаарындагы Москва көчөсү оңдолуп бүттү


Москва көчөсү.

Бишкектеги Москва көчөсүн оңдоо иштери аяктап, автоунаалардын каттамы үчүн ачылды. Бишкек мэриясы тараткан маалымат боюнча, жолго эки кабат асфальт төшөлдү.

Москва көчөсү Бишкек шаарындагы жолдорду ремонттоо үчүн бөлүнгөн Кытай грантынын эсебинен оңдолду. Аны «China Road» компаниясы ишке ашырды.

Бул көчөнүн жабылышы шаардын борбордук бөлүгүндө тыгынды пайда кылып, жанаша жайгашкан Токтогул көчөсү эки тараптуу болуп ачылган. Москва көчөсүнүн ишке берилиши менен Токтогул көчөсү кайрадан бир тараптуу болду. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG