Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:14

Өкмөт башчы Өзбекстанга кетти


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ташкент шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибинде өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы маселелери белгиленген. Жыйынтыгында алаканы чыңдаган кызматташтык багытындагы бир катар документтерге кол коюлат.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ШКУ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG