Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:56

Жээнбеков: бизнести коргоо - милицияга берилген өзгөчө тапшырма (видео)


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу салтанатта сөз сүйлөп жатып, айрым учурда ишкерлер милиция кызматкерлеринен жардам таба албай, аларга ишенимдин жоктугунан өлкө жетекчилигине кайрылууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

Жээнбеков өлкөдөгү ишкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу менен экономиканын өнүгүшү тыгыз байланышта экенин эске салды.

- Ишкерликти коргоо - силерге берилген өзгөчө тапшырма. Силердин милдетиңер - мыйзамсыздыкка жол бербей, бизнеске коопсуз шарт түзүү. Бүгүн кыргыз милициясынын өзөгүн, ички иштер кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгүн ак ниет, намыстуу, мекенге берилген инсандар түзөт. Тилекке каршы, ички иштер кызматкерлеринин арасында «бир карын майды бир кумалак чиретет» дегендер да бар, – деди Жээнбеков.

Ал милициядагы тартип бузган кызматкерлер соттук-укуктук реформаларга бөгөт кылып, коомдун келечегине коркунуч келтирип жатканын кошумчалады. Президент милициядагы коррупцияны жоюу зарыл экенин айтып, кадрлардын сапатын кескин жакшыртуу ишин талап кыларын билдирди.

Бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл болду. Буга байланыштуу салтанат бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат.

Кыргызстанда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактап, аны менен катар коррупция, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү менен күрөшүп, оор кылмыштардын бетин ачуу, коопсуздукту камсыз кылуу иштерин алып барат.

Кыргыз милициясы Кара кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG