Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Иш үстүндө 170 милиция кызматкери курман болгон


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери кылмышкерлер менен болгон кармашта ички иштер органдарынын 170 кызматкери курман болгон. Бул маалыматты президент Сооронбай Жээнбеков милициясынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу салтанатта сүйлөп жатып билдирди.

Президент курман болгон милиция кызматкерлерин замандын баатырлары, элибиздин келечеги үчүн өз өмүрлөрүн беришкен каармандар деп атады.

Бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл болду. Буга байланыштуу салтанат бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат.

Кыргызстанда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактап, аны менен катар коррупция, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү менен күрөшүп, оор кылмыштардын бетин ачуу, коопсуздукту камсыз кылуу иштерин алып барат.

Кыргыз милициясы Кара кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG