Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Иракта нааразылык жүрүштөрү уланууда


Ирактагы демонстранттар.
Ирактагы демонстранттар.

Ирактагы нааразылык акциялары 1-ноябрда да уланды. Багдаддын көчөлөрүнө чыккандар премьер-министр Адел Абдул Махдинин өкмөтүн таратууну талап кылып жатышат.

- Биздин өкмөт ак ниет эмес. Жалаң эле Адел Абдул Махди коррупционер эмес, Иракты башкарган саясатчылардын баары коррупцияга баткан. Биз Абдул Махдини гана четтетпестен, бардык жемкор саясатчылардын тамырын кырккыбыз келет, - деди атын атабаган демонстранттардын бири.

Октябрдын алгачкы күндөрүндө башталган толкундоолор бир нече убакытка токтоп, 25-октябрда кайра жаңы күч менен жанданган.

Андан бери полиция менен кагылышууларда 250дөн ашуун адам курман болду.

Демонстрацияларга чыккандардын көбү жаштар. Алар коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразылыгын билдирип жатышат. Бейшембиде «Эл аралык мунапыс» уюму коопсуздук күчтөрү митингчилерге каршы буга чейин колдонулбаган жаш чыгарчу газ чачышканын сынга алды. Бул зат кадимки газдарга караганда он эсе күчтүү деп саналат.

XS
SM
MD
LG