Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 22-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:34

Түрк-орус аскерлери Сирия чегинде биргелешкен күзөтүн баштады


Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган

Түркия менен Орусиянын аскерлери 1-ноябрдан тарта Сириянын түндүк-чыгышындагы чек ара аймагын биргелешип кайтарууну баштады.

Түркиянын коргоо министрлигинин «Твиттердеги» аккаунтунда биргелешкен күзөт жерде да, аба мейкиндигинен да жүргүзүлөрү жазылды. Бул кабарды Орусиянын коргоо министрлиги ырастады. Тараптар биргелешип 110 чакырымдан ашуун аймакка көз салышат.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы күрд кошуундарын "террорчу" санап, аларга каршы "Тынчтык булагы" операциясын 9-октябрда баштаган. Анкара бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагын качып келген сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөөрүн билдирген. Бирок АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын аракетин кескин айыпташкан.

22-октябрда Сочиде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин жолугуп, Сириядагы жортуулга байланыштуу меморандумга кол койгон. Анда күрд күчтөрү аймактан чыгып кеткен соң биргеликте күзөт жүргүзүү тууралуу макулдашкан эле.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG