Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Bloomberg: Орусия Венесуэлага накталай 315 млн. доллардан көп акча жөнөткөн


Николас Мадуро.
Николас Мадуро.

Орусия Венесуэлага 315 миллион доллардан ашуун акча жөнөткөнүн Bloomberg агенттиги булактарына таянып жазып чыкты.

Алардын эсебинде 2018-жылдын май айынан 2019-жылдын апрелине чейин акча жөнөткөн алты операция ишке ашырылган.

Акчаны Венесуэланын Мамлекеттик экономикалык жана социалдык өнүктүрүү банкы (Bandes) алган. Банк АКШнын санкциясына илинген.

Каракас үчүн накталай акчаны кандай максатта алганы жөнүндө маалымат жок.

Акча которууга орус-венесуэла "Еврофинанс" банкы, "Моснарбанк" жана "Газпромбанктын" катышы бар.

2019-жылдын башынан бери Венесуэлада оппозиционер Хуано Гуайдонун тарапкерлери менен президент Николос Мадурону колдогондор тирешип жатат.

АКШ, Европадагы, Түштүк Америкадагы көптөгөн мамлекеттер Гуайдону Венесуэланын президенти деп тааныган. Мадурону болсо Орусия, Кытай, Түркия, Иран, Куба жана Боливия колдоп келет.

XS
SM
MD
LG