Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Президент маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолукту


Президент Сооронбай Жээнбеков менен 2-ноябрда Кыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жыйынга өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик медиа уюмдардын кабарчылары да чакырылган.

Жолугушуу 7-ноябрда белгиленчү Басма сөз жана маалымат күнүнө карата уюштурулуп, "суроо-жооп" форматында өтүп жатканын президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу болору алдын ала кабарлангандан соң 24.kg маалымат агенттиги «Интернет колдонуучулар кандай суроо бергиси келет?» деген сурамжылоо жүргүзгөн. Жооп бергендердин 40% (425 добуш) мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө маалымат каражаттарында айтылган фактыларга эмнеге реакция болбой жатканын сурагысы келген.

Ал эми экономика эмне болуп, ири долбоорлор качан ишке ашарын окурмандардын 17% (183 добуш) билгиси келет. Күч, сот органдарындагы реформанын болбой жатканы тууралуу 15% (157 добуш), коррупцияга каршы күрөш боюнча 14% (152 добуш), сөз эркиндиги, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык «Апрель» каналына карата тоскоолдуктар тууралуу суроону 12% (129 добуш) окурман бергиси келет.

XS
SM
MD
LG