Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Орусияда «Эгемен Интернет» деп аталган мыйзам күчүнө кирди


Интернетти чектөөгө каршы митингдердин бири.
Интернетти чектөөгө каршы митингдердин бири.

1-ноябрда Орусияда «Эгемен Интернет» деп аталган мыйзам күчүнө кирди. Аны сындагандар бул мыйзам жарандардын онлайн ишмердигин катуу көзөмөлгө аларын белгилешүүдө.

Президент Владимир Путин Интернет тармагын эл аралык тармактан изоляция кылуу жөнүндөгү бул мыйзамга 2019-жылдын май айында кол койгон.

Мыйзам Интернет провайдерлердин Орусиянын ичиндеги трафигин өкмөт башкарган технологиядан пайдаланууга мажбурлайт. Аны колдогондор мыйзам «Рунеттин» өз алдынча болушуна жана киберчабуулдардан коргонууга жол берерин белгилешет. Ал эми колдобогондор орус өкмөтү онлайн жапырт нааразылыкты уюштуруунун алдын алууга багытталган иш деп баалашууда.

Эл аралык уюмдар Путинди мыйзамга кол койбоого чакырышкан.

Орусияда кийинки убакта Интернетти чектеген бир катар мыйзамдар кабыл алынып, ага каршы чыккандар нааразылык акцияларын да уюштуруп келатышат.

XS
SM
MD
LG