Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Абылгазиев ШКУда экономикалык кылмышка каршы орган түзүүнү сунуш кылды


Ташкенттеги жыйын.
Ташкенттеги жыйын.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынында экономикалык кылмыштарга биргелешип күрөшүү маселесин көтөрдү.

Уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ташкенттеги жыйынында сүйлөгөн Абылгазиев ШКУнун экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органын түзүүнү сунуш кылды:

"Экономикалык кылмыштар трансулуттук мүнөзгө ээ, баңгизатын сатуу, аткезчилик жана мыйзамсыз кирешелер сыяктуу башка кылмыштарга байланышы бар жана мамлекеттердин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат",- деди Абылгазиев.

ШКУнун жыйыны Өзбекстандын борбору Ташкентте 1-ноябрда башталган, негизги жыйын 2-ноябрда өттү.

ШКУ - туруктуу аракеттеги өкмөттөр аралык уюм, 2001-жылы 15-июнда түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Пакистан, Индия, Орусия жана Кытай мүчө.

Төрт өлкө байкоочу-мамлекет макамында: Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия.

Алты өлкө ШКУ диалогу боюнча өнөктөш: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка. (SE)

XS
SM
MD
LG