Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Жээнбеков Ататүрк паркынан алган жер тууралуу комментарий берди


Ататүрк паркы.
Ататүрк паркы.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагынан алынганы айтылган участок тууралуу комментарий берди. Жер мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда (2003-жылы) депутаттарга берилгенин айтты.

Ал кезде мамлекет башчы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2-ноябрда Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери жана чет элдик басылмалардын кабарчылары менен жолугушкан кезде Kloop сайтынын редакторунун суроосуна ушундай жооп берди:

- Дарак өспөгөн, асфальт жер болчу, үй салган эмесмин. Ал кезде үч бөлмөлүү батирим бар эле. 2007-жылы оппозицияга кеткенимде бирөөгө берилип, ал башкаларга сатып, үй салыныптыр. Деги ал жердин маселеси талаштуу болчу. Ал жакка үй салуу ниетим болгон эмес. Үй салып жаткан адам менен сүйлөшүп, символикалык түрдө компенсация алгам. Бул боюнча документтердин баары юристте, толук информация бергенге даяр,- деди Жээнбеков.

Kloop интернет басылмасы жакында Бишкектеги Ататүрк сейил багынын аймагынан мамлекеттин мурдагы жана кийинки жетекчилери, өкмөт башчылары, министрлер, депутаттар жана ыңкылаптын башында турду деген төбөсү көрүнгөн саясатчылар кантип жер тилкелерин алышканы тууралуу иликтөө чыгарган. Анда президент Сооронбай Жээнбековдун да аты аталган. (AzK\SE)

XS
SM
MD
LG