Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:21

Президент Кой-Таштагы окуяга баа бере албай турганын айтты


Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди кармоого, Кой-Таштагы чырга баа бере албай турганын айтты.

Жээнбеков 2-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолуккан учурда ушул өңүттөгү суроого мындай жооп берди:

- Атамбаевге күбө катары бир нече жолу чакыруу берилген. Келбей койду. Мыйзамга баш ийген жок. Кой-Таш боюнча комиссия иштеп жатат. Мен азыр ал окуяга баа бербейм. Баа бере турган парламент, комиссия, сот бар. Ошолор чечим чыгарат. Алдын-ала эч нерсе айта албайм.

7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Кой-Ташта күч органдарынын бир кызматкери окко учуп, бир даары ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган. Мындан кийин Атамбаев камакка алынып, азыр анын жакындарына тиешелүү мүлк текшерилүүдө.

Атамбаев учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. (AzK\SE)

Пикирлерди көрүңүз (50)

XS
SM
MD
LG