Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Тариф табышмагына такалган «Автомаш» иши


Күрпсай ГЭСи.
Күрпсай ГЭСи.

Аскер прокуратурасы мурдагы президенттин уулу Сеидбек Атамбаевге караштуу  «Автомаш-Энерго» компаниясын тинтүүгө алды.

Бул тууралуу билдирген Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы компанияда 2015-жылдан бери текшерүү жүрбөгөнүн жана буга байланыштуу салык төлөмдөрү менен электр энергиясын сатып алган документтери иликтене турганын жарыялады.

Айрым эксперттер мурдагы президенттин уулуна таандык компания электр энергиясын арзан баада алып, ири ишканаларга кымбатка сатып келгени тууралуу маселе мурда эле көтөрүлгөнүн, бирок укук коргоо органдары ага көңүл бөлбөй келгенин мисалга алышты.

Сеидбек Атамбаев атасы бийликте турганда андай мыйзамсыздык болбогонун айтып, бул үчүн электр энергиясын сатуучу ортомчу компаниялардын бардыгынын келишимдерин ачык жарыялоону сунуштады.

Иликтөөнүн изи менен...

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаевдин «Автомаш-Энерго» компаниясында жүргүзүлгөн тинтүүнүн себептери боюнча түшүндүрмө берди.

Анда бул компанияда 2015-жылдан бери салыктык текшерүү жүрбөгөнү жана салык органдары жакында тиешелүү каржылык документтерди талап кылганда, жетекчилик ар кандай шылтоо менен андан баш тартып келгени көрсөтүлгөн.

Мына ошого байланыштуу ишканада тинтүү жүрүп, анын каржылык отчеттору жана электр энергиясын алып-сатуу келишимдери текшериле баштады.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Куватова бул жагдай тууралуу буларга токтолду:

- Алмазбек Атамбаевге карата өндүрүштөгү иштер тергөөдө эмеспи. Ошол иштердин алкагында Атамбаевдин мүлктөрү текшерилип жатат. Быйыл 23-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен "Автомаш-Энерго" компаниясы камакка алынып, ага салыктык текшерүү дайындалган. Себеби, 2015-жылдан бери бул компанияда эч кандай текшерүү жүргөн эмес. Салык органдары документтерин сураганда, ар кандай шылтоо менен бербей келишкен. Ошондуктан, мыйзамдын чегинде тиешелүү документтерди алуу боюнча 31-октябрда иш-чаралар жүрдү.

Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тун уулу 2004-жылдан бери «Автомаш-Энергонун» 75% үлүшүнө ээлик кылат.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура мурдагы президентке кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоо жана коррупцияга катыштык боюнча козголгон иштердин алкагында аталган компанияда мыйзам чегинде тинтүү иштери жүргөнүн билдирди. Компаниянын 2003-жылдан берки каржылык документтери менен түзгөн келишимдери тергөөгө алынганы белгилүү болду.

"Өзгөчө шарттар, өзгөчө тарифтер"

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Атамбаев бийликте турганда эле бул ортомчу компания арзан тариф аркылуу мыйзамсыз кирешеге туйтунуп келе жатканы тууралуу айтып чыкканын төмөндөгүчө мисал келтирди:

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

- Мурдагы президенттин уулдары өздөрүнүн көмөк чордонуна "Электр станцияларынан" электр энергиясын арзан баада алып, аны кайра өнөр-жай ишканаларына эки-үч эсе кымбат сатып жүрүшкөн. Бул маселени айтып чыкканыбызда, эч ким көңүл бурган эмес. Атамбаев президент болуп турганда премьер-министрден баш болуп энергетика министри, "Электр станцияларынын" жетекчилери аларга жардам берип, эң төмөнкү тарифтерди коюп беришкен. Алар электр энергиясын 1,20 тыйындан алып, 2,50 тыйындан сатып алып, эки-үч эсе кымбат баада кайра сатып, аябагандай чоң пайда көрүп келишкен.

"Автомаш-Энергонун" жообу

Бирок "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынан электр энергиясын сатып алып, коммерциялык жана өндүрүштүк ишканаларга кайра сатып, ортомчулук менен алектенген «Автомаш-Энерго» компаниясы коюлган дооматты четке какты.

Компаниянын башкы эсепчиси Гүлайым Сыдыкова ишкана электр энергиясын Отун-энергетика комплекси боюнча агенттик коюп берген тариф менен алып келгенин айтып, анын учурдагы баасына токтолду:

- Отун-энергетикалык комплекс боюнча агенттик бизге жыл сайын тариф коюп берет. Бардык салыктарды кошкондо, 1 кВт саат электр энергиясын эки сомдон алып, 2,50 тыйындан сатабыз. 2018-жылдан бери мына ушул баа коюлган. Ага чейин деле жыл сайын ар башка тариф коюлуп, электр энергиясынын баасы жыл сайын көтөрүлүп келди. Мына ошондо "Электр станциялары" ишканасынан 1,41 тыйындан алчубуз. "Улуттук электр тармактары" компаниясы электр энергиясын ташуу акысын жыл сайын 16-19 тыйындан жогору көтөрүп турган. Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда деле мына ошондой эле тариф саясаты болуп, тескерисинче жыл сайын көтөрүлүп турган.

Ошол эле кезде Отун энергетика комплекси боюнча агенттиктин расмий сайтында 2019-жылдын 8-апрелиндеги буйругу боюнча "Электр станциялары" мамлекеттик компаниясынан алынып, "Автомаш-Энерго" компаниясы үчүн сатыла турган 24 500,0 миң кВт саат өлчөмүндө бир жылдык берилчү электр энергиясынын 1 кВт саатынын баасы салыгын кошпогондо 157,59 тыйын деп көрсөтүлгөн.

Ал эми "Улуттук электр тармактары" мамлекеттик компаниясынан алынып, «Автомаш-Энерго» компаниясы үчүн сатыла турган электр энергиясынын 1 кВт саатынын баасы өзүнүн тармагы аркылуу берилип, салыкты эске албаганда 21, 0 тыйынды түзгөн.

Кайра түпкү керектөөчүгө сата турган баасы катары 2015-жылдагы аталган агенттиктин буйругунда көрсөтүлгөн тарифти колдонууга шилтеме берилген. Ал кандай тариф болгону азырынча белгисиз.

Атамбаев: бардык келишимдерди салыштыралы

Бирок «Автомаш-Энерго» компаниясынын кожоюну Сеидбек Атамбаев бул жерде мыйзам бузуу жок экенин айтып, салыштыруу үчүн бардык электр энергиясын сатууга ортомчулук кылган компаниялардын келишимдерин ачыкка чыгарууну талап кылды:

Сеидбек Атамбаев.
Сеидбек Атамбаев.

- Анда тактык үчүн, биздин компания жана башка компаниялар канча тыйындан алып, канча тыйындан сатканын аныктоо үчүн сатылчу электр энергиясынын салыштырма баалары боюнча келишимдерди ачыкка чыгаруу керек. Азыр 22 компания иштеп жатса, алардын ар бири азыр кандай тариф менен сатып алып, кайра керектөөчүгө сатып жатканын Отун-энергетикалык комплекс боюнча мамлекеттик агенттик ачык жарыялоого тийиш. Биз башка компаниялар сыяктуу эле тарифти алып, ошондой эле баада электр энергиясын сатып алып, кайра сатып жүргөнбүз. Атамбаевдин убагында деле бизди текшерип турушкан. Кезинде мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы премьер-министр Бабанов да биздин ишкананы текшерткен. Себеби, Атамбаев өзү деле айткан. Биз азыр элүүгө чукул компанияны электр энергиясы менен камсыздайбыз. Эгерде алардын аттарын ачык айта турган болсок, анда аларды дагы текшере башташы мүмкүн. Ошондуктан мен алардын аталыштарын айта албайм.

Жашыруун тарифтер ачыкка чыгабы?

Ошол эле кезде саясат талдоочу Адил Турдукулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулунун компаниясын тинтип, иликтөөгө байланыштуу маселе электр энергиясын ортомчулар аркылуу ири ишканаларга сатуудагы коррупциялык кыңыр иштерди ашкере кыла турган болуп калды деген ойдо.

Анткени буга чейин электр энергиясынын баасын аныктаган Отун-энергетикалык комплекси боюнча агенттик ар бир компаниянын тарифи өзгөчөлүктөрүнө жараша аныктала турганын белгилеп, коммерциялык тарифтердин өлчөмүн ачык жарыялабай келген.

Адил Турдукулов бул маселе Атамбаевдин учурунда көтөрүлгөн кезде тиешелүү укук коргоо жана көзөмөл органдары ага көз жуумп келгенин белгиледи:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Сегиз жылдан бери Алмазбек Атамбаев бийликте турганда ушул эле прокуратура органдары мыйзам бузууларды көргөн эмес. Азыр ал киши президенттиктен кеткен соң, анын жакындарына караштуу ишканалардан ар кандай мыйзам бузууларды таап чыга берет. Мен дагы бул боюнча 2013-2014-жылдары эле "Автомаш-Энерго" компаниясындагы мыйзам бузуулар тууралуу айтып келгем. Бирок анда буга көңүл бурулган эмес. Азыр эми бул маселени ыйгарым укугуна жараша Финансы полициясы иликтебей, Аскер прокуратурасы текшерип жатканы кызык.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаев бизнес-акыйкатчы Робин Орд Смитке кайрылып, анын "Автомаш-Энерго" компаниясын рейдерлик жол менен басып алуу аракети жүрүп жатканын айтып чыккан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Быйыл парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан. Азыр Атамбаев УКМКнын тергөө абагында отурат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG