Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Жеке компанияларга жан тарткан тариф


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык активисттер тобу президент Сооронбай Жээнбековго электр энергиясын бөлүштүрүүчү мамлекеттик ишканалар чыгымга учурап жатса, жеке менчик компанияларга артыкчылык берген коррупциялык схемаларга бөгөт коюуну талап кылып, кайрылуу жөнөтүштү.

Кайрылууда жеке менчик энергетикалык компаниялар "Электр станцияларынан" электр энергиясын арзан тариф менен сатып алып, өнөр жай ишканалары менен ири мекемелерге кымбат баада сатып жаткан ортомчулуктун бетин ачуу жана мындай көз боёмочулукту ооздуктоо сунушу берилген.

Жеке менчик компаниялар электрлештирүү тармагына ири өлчөмдө инвестиция киргизип жатышканын жүйө келтирип, коюлган дооматты четке кагууда.

"Улуттук энергохолдингдин" демилгеси

"Улуттук энергохолдинг" Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигинин учурдагы тариф саясатына макул эмес. Мекеме мындай жыйынтыкка электр энергиясын дүңүнөн сатып алып, кайра сатуу базарын анализдеп чыккандан кийин келген. Анда теңдештирилбеген тариф саясатынан улам "Электр станциялары" ишканасы иштеп чыккан электр энергиясынын өздүк наркы акталбай жатканы көрсөтүлгөн. Анткени бул мамлекеттик ишкана жалаң мамлекеттик бөлүштүрүүчү компанияларды эле субсидиялабастан, анын эсебинен ири киреше тапкан жеке менчик ишканалар да пайда көрүп жатканы белгиленди.

Ошол эле кезде жарандык активисттер энергетикадагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюуну талап кылып, президентке кайрылуу жолдошту.

"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Сапар Аргынбаев кайрылуунун жообун күтүп жатканын айтты:

"Бул боюнча мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго эки ай мурун кайрылуу кат жибергенбиз. Учурда ошол жактан кандай жооп келерин күтүп жатабыз. Анда энергосектордогу таасирдүү күчтөр тарабынан түзүлгөн жеке менчик компаниялар коррупциялык жолдор менен ашкере пайдага туйтунуп жатканы көрсөтүлгөн. Себеби мында жеке менчик компаниялар ар кимиси өзүнүн бийликке карата таасирине жараша 37, 87 тыйындан алып, кайра өнөр жай ишканаларына кымбат баада сатышат. Мисалы, бир жеке менчик компания 87 тыйындан дүңүнөн сатып алып, кайра Бишкектеги "Бишкек парк" сыяктуу ири соода борборлоруна салыгы менен кошкондо 2 сом 55 тыйындан сатат".

Ошол эле кезде "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жеке менчик компанияларга артыкчылык берилген жагдайды талдоосунда азыркы тариф саясаты өлкөнүн энергетика секторунун кызыкчылыгына каршы келип, болочокто энергетикалык коопсуздукка коркунуч келтире турганы көрсөтүлгөн. Анткени мамлекеттик үлүшү бар энергокомпаниялардын эсебинен жеке менчик ортомчуларга шарт түзүү энергосектордон каражаттын чыгып кетишине шарт түзүп жатканы белгиленди.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев менчик бизнеске үч тараптуу артыкчылык берилип, мамлекеттик жабдууларды пайдалануу, арзан тариф жана электр энергиясын кымбат базарга сатуу шарттарын колдонуп жатканын мисал келтирди:

"Жеке менчик компанияларга эң эле төмөнкү тариф менен электр энергиясын коюп берип, ортодон акча жасашкан ири коррупциялык схемалар бар. Ошол эле кезде мамлекеттик бөлүштүрүүчү компанияларда акча жок деп коюп отурушат. Негизи "Электр станциялары" алгач бөлүштүрүүчү компанияларга сатып, алар жеке менчик ишканаларга сатышы керек эле. Бирок ошол ортомчулук кылган жеке компаниялар "Электр станцияларынан" түздөн-түз арзан алып, бирок мамлекеттик бөлүштүрүүчү компанияларга караганда кымбат баада сатып жатышат. Анткени алар өнөр жай ишканаларын, ири соода борборлору сыяктуу мекемелерди электр энергиясы менен камсыздашат. Менчик компаниялардын көбү мамлекетке караштуу көмөк чордондордон, жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынан пайдаланышат. Өздөрүнүн андай жабдуулары жок. Бирок пайданы мамлекеттик ишканаларга караганда бир канча эсе көп таап, кирешеге марып келатышат. Мындайча айтканда, алар ортомчу болуп эле бөлүштүрүүчү компаниялардын үстүнөн отуруп алып, акча жасашат. Бул деген мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген көз боёмочулук да".

Бул маселе боюнча "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги азырынча үн ката элек. Ал эми Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигинин басма сөз катчысы Айнура Касымова тариф саясатындагы алешемдиктер жана аны өзгөртүү боюнча мекемеге кат түрүндө кайрылууну сунуштады:

"Сиз суроолоруңузду кат түрүндө жөнөтүп койсоңуз. Биз тиешелүү кызматтардан маалыматтарды топтоп, биздин жетекчилер келгенде жообун жиберебиз. Биздин жетекчилер азыр парламентте өкмөттүн отчетун угуу боюнча жыйында отурушат".

Жеке ишканалардын жүйөсү

Анткен менен электр берүү ишкердиги менен алектенген жеке менчик компаниялардын айрым жетекчилери коюлган дооматка макул эмес. Анткени алардын айтымында, жеке менчик ишканалардын бардыгы эле жеңилдетилген тариф саясатынан пайдаланган эмес. Анткени ар бир жеке менчик энергетикалык компания менен өзүнчө келишим түзүлгөндүктөн, алардын шарттары ар башка болушу мүмкүн.

"Promotank NP" энергокомпаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азамат Акелеев мамлекет жетише албаган жерде инвестиция жасаган жеке ишкерлер бар экенин айтты:

"Кээ бир компаниялар жаңы көмөк чордондорду куруп, жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларын тартып, чоң каражат салып, инвестиция жасашууда. "Түндүк электр" сыяктуу эле эң ири делген мамлекеттик ишканалар кээ бир жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүүгө чамасы жетпей жатпайбы. Ошол эле кезде жеке менчик компаниялар тарифин бекитип алып, каражатын салып, электр энергиясын алып барып жатышат. Бекитилген тариф боюнча калкка кызмат көрсөтүшөт. Бул жерде алар чоң акчага чыгым болуп электр чубалгыларын сатып алып, көмөк чордондорду куруп жаткандыктан ошого жараша пайда көрүшү керек".

Жарандык активисттердин айтымында, Кыргызстанда азыр электр энергиясын сатууга ортомчулукту алган 27 жеке менчик ишкана бар. Алардын бири - "Автомаш" энергокомпаниясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдарына катталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG