Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 14:11

"Чыгышэлектр" чыгымын элге төлөткөнбү?


Иллюстрациялык сүрөт.

Эсеп палатасы "Чыгышэлектр" ишканасы массалык-маданий жана демөөрчүлүк иштер үчүн жумшалган акчаны электр энергиясынын өздүк баасына кошуп эсептеп салганын аныктады.

Өз кезегинде "Чыгышэлектр" ишканасы болсо мыйзам бузуу болбогонун, чыгашанын баары "Энергохолдинг" АКнын жыйынында каралып, тарифтерди аныктоочу мамлекеттик агенттиктин макулдашуусу аркылуу ишке ашарын билдирди.

- Маданий-массалык жана демөөрчүлүк үчүн каражаттар ишкананын пайдасынын эсебинен сарпталууга тийиш. Бирок "Чыгышэлектр" ишканасы андай максат үчүн каралган 1,5 млн. сомду электр энергиясынын өздүк баасына кошуп, эсептеп салган. Муну менен электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү жөнүндөгү усулдун талаптары бузулган, - деди Эсеп палатасынын басма сөз катчысы Роза Алмакунова.

Аудиттин натыйжасында компания зыяндын ордун толтурууга милдеттендирилди. Бирок "Чыгышэлектр" компаниясы Эсеп палатасынын тыянагына макул эмес.

Ишкананын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Мира Байбачаева "Азаттыкка" балдардын жаңы жылдык белектерине, Нооруз, 9-май жана башка майрамдык иш-чараларга, спортчуларды, "ооганчыларды", жетим-жесирлерди колдоого көрсөтүлгөн демөөрчүлүк каражаттар ишкананын жылдык бюджетинде бекитилгенин билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Байбачаева бюджет "Чыгышэлектр" акционердик коомунун директорлор кеңеши менен макулдашылып, андан кийин гана бекитилерин айтты:

- Уставга ылайык, биз бюджеттин долбоорун директорлор кеңешинин кароосуна жиберебиз. Алар макул болсо, акционерлердин жыйынына сунуш кылышат. Акционерлер макулдук бергенден кийин бюджет өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча агенттиктин кароосунан өтөт. 2016-жылы декабрда акционерлердин кезексиз жыйынында бекитилген бюджетке бул каражаттын баары киргизилген. Бюджет - негизги мыйзамдуу документ, биз ошого карап иштейбиз. Андан тышкары иш-аракеттер жок.

Мира Байбачаеванын айтуусунда, массалык-маданий жана демөөрчүлүк үчүн жумшалган акча керектөөчүлөрдүн эсебинен жыйналып алынган эмес. Анын сөзү боюнча, электр энергиясына коюлган баа өзгөрбөйт:

- Кардарлар ашыкча төлөбөйт. Бекитилген тариф өзгөртүлбөйт. Ошондуктан электр энергиясынын өздүк баасына бүт чыгашалар киргизилет. Бирок бул массалык-маданий жана демөөрчүлүк иштерге бөлүнгөн каражаттар биздин компаниянын чыгашасына кошулган. Бекитилген бюджет өздүк баага киргизилген.

"Чыгышэлектр" ишканасы Нарын, Ысык-Көл облустарындагы 305 миң 818 абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат.

Электр энергиясынын өздүк баасы канча?

Электр энергиясынын тарифин өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча агенттик бекитет. Аталган агенттиктин сайтында турган маалыматка ылайык, 700 кВт саатка чейин колдонулган электр энергиясынын 1 кВт сааты 77 тыйын, андан ашса 2 сом 16 тыйын. Ал эми өнөр жай ишканалары үчүн 1 кВт саат электр энергиясы 2 сом 24 тыйын.

Өкмөт башчы Сапар Исаков 31-январда парламентте сүйлөгөн сөзүндө жылуулук кризисин жөнгө салуу үчүн электр энергиясына жана жылуулукка тарифти көтөрүү зарылдыгын билдирген. Бирок жарандык активисттер өкмөттөн электр энергиясынын өздүк баасы жөнүндө так маалымат берүүсүн талап кылышууда.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

Энергетика министрлигинде Байкоочу кеңеште мүчө болуп жүргөн активист Рита Карасартованын "Азаттыкка" билдиришинче, өкмөттөн электр энергиясынын өздүк баасы кантип аныкталат деген суроого жооп алуу өтө оор:

- Мен 2011-жылы Байкоочу кеңешке мүчө болуп киргем. Биз бир нече жолу министрликке суроо жиберип, "электр энергиясынын өздүк баасы кантип аныкталат?" деген суроого жооп ала албадык. Анткени, бул аябай маанилүү документ. Энергетиктер дайыма бааны көтөрүү маселесин коюп келишет. Ошондуктан, биз кайрылып, "бааны көтөрүүгө эмне себеп, кайсы чыгашалардын негизинде өздүк баа көтөрүлөт?" деген суроо койгонбуз. Бирок ушуга чейин электр энергиясынын өздүк баасы эмнеге негизделип, эмнеден турарын ачыктабай келе жатышат.

Кошумча чыгашалардын сарпталышы

Каржылык мыйзамдар боюнча, ишканалар маданий-массалык, демөөрчүлүк жана башка максаттарга сарпталуучу каражаттарды пайданын эсебинен жумшоого тийиш. Бирок активисттер мамлекеттик ишканаларда бул мыйзамдар дайыма эле сакталбасын айтып жүрүшөт.

Мамлекеттик ишканалар аны өзүнүн чөнтөгүнөн чыгарбайт, жалпы чыгашаларга кошуп, "өздүк баасы мынча" деп иштей беришет. Ал кимдин чөнтөгүнөн кетет? Албетте, элдин.
Рита Карасартова

Рита Карасартова түрдүү иш-чараларга сарпталуучу акча көп учурларда мамлекеттик ишканалардын мойнуна жүктөлөөрүн, алар муну элдин эсебинен алышаарын айтууда:

- Мисалы, Бишкекте Манастын айкели тургузулганда аныктаганбыз. Байкоочу кеңештин мүчөсү катары биз энергетикалык компаниялардын чыгашасын текшерип жаткан учурда, "Түндүкэлектро", "Түштүкэлектро" жана башка бардык энергетикалык компаниялар бул эстелик үчүн 500 миң сомдон бөлүп беришкени аныкталган. Мындай расмий эмес чыгашалар толтура. "Көчмөндөр оюндары" да ушундай жолдор менен чогулган акчага өткөн. Мамлекеттик ишканалар аны өз чөнтөгүнөн чыгарбайт, жалпы чыгашаларга кошуп, "өздүк баасы мынча" деп иштей беришет. Ал кимдин чөнтөгүнөн кетет? Албетте, элдин.

“Улуттук энергохолдинг" компаниясы учурда калкты, мамлекеттик мекемелерди жана жеке ишканаларды кошкондо бир жарым миллиондой абонентти тейлейт. Бирок электр энергиясын сатуудан жылына канча киреше түшөрү жана канча чыгаша болору тууралуу так маалымат айтылбай келет.

Сурамжылоо: Электрге баа көтөрүлүшү керекпи?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG